Унаалар министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн калкка ыкчам жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүсүнө өбөлгө түзөт. Техникалар ата мекендик “Тулпар” заводунан алынган — бул жергиликтүү өндүрүштү колдоонун ачык үлгүсү.
Биздин компания мамлекеттик органдардын жана реалдуу экономиканын өнүгүүсүнө багытталган.
Лизинг шарттары: жылдык 6%дан башталат, 10% баштапкы төгүм, ыңгайлаштырылган төлөө графиги.
2024-жылдан бери 800 млн сомдон ашык суммадагы келишимдер түзүлүп, 250дөн ашык техника берилди.
Мамлекеттик лизинг компаниясы — туруктуу өнүгүүгө ишенимдүү салым.