Бүгүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнун акционерлеринин Жылдык жалпы жыйынынын алкагында компаниянын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Компания операциялык ишмердүүлүгүн баштаганына бир жыл толо элек болгонуна карабастан, алгачкы отчеттук мезгилде эле олуттуу жетишкендиктерге жетише алды. Бул ийгиликтер компаниянын натыйжалуу баштапкы стратегиясына жана акционерлер — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин активдүү колдоосуна таянуу менен мүмкүн болду.
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №137-т тескемесине ылайык түзүлүп, 2024-жылдын 5-июнунда расмий каттоодон өткөн. Компаниянын уставдык капиталы 1 миллиард сом өлчөмүндө түзүлгөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча компания туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүп, белгиленген пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу менен кирешелүү операцияларга жетишти. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – ири техниканы жана жабдууларды лизингге берүү багыты болуп саналат. Бул ыкма өндүрүштүк базаны модернизациялоого жана өлкөнүн ар кыл тармактарында инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүп, жогорку социалдык-экономикалык жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда компания сунуш кылган пайыздык чендер рыноктогу эң жеткиликтүү шарттардын бири болуп саналат.
2024-жылы мамлекеттик саясаттын алкагында артыкчылыктуу тармактарды колдоо максатында мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөр менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Лизинг алуучулардын катарында мамлекеттик ишканалар, шаардык мэриялар жана жергиликтүү өз алдынча бшкаруу органдары бар.
Отчеттук мезгилдеги Компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири — Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн алкагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. 2024-жылы «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК Кытай Эл Республикасынын алдыңкы өнөр жай өндүрүүчүлөрү — Sinomach Group жана Sany Heavy Industry, ошондой эле Түркиянын, Беларустун жана Италиянын белгилүү заводдору менен түздөн-түз келишимдерди кол коюшту. Бул келишимдер жабдууларды заводдук баада түз жеткирүүгө шарт түзүп, лизингдик продукттарды жергиликтүү ишканалар үчүн дагы жеткиликтүү кылды.
«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК Кыргыз Республикасынын реалдуу секторун каржылык жактан колдоонун негизги мамлекеттик инструмент катары өзүнүн ролун мындан ары дагы бекемдеп, өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын модернизациялоого жана региондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууну мындан ары да уланууда.