Кыргызстандын агро өнөр жай тармагы үчүн көрүнүктүү окуя

21.09.2025

2025-жылдын 11-январында Мамлекеттик лизинг компаниясы «Кыргызмамасылтукумзавод» ишканасына 45 000 000 сомдук айыл чарба техникасын өткөрүп берди.Бул окуя өлкөнүн агроөнөр жай потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды.

Мамлекеттик лизинг компаниясы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп, фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын заманбап технологиялар жана жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча стратегиялык милдетти аткарып келет. Бул төмөнкү максаттарга жетүү үчүн өбөлгө түзөт:

* Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо.

* Айыл чарба импортуна көз карандылыкты азайтуу.

* Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарынын бири катары айыл чарбасын өнүктүрүү.

Мамлекеттик лизинг компанияга ишенимди камсыз кылуучу факторлордун бири болуп фермерлер жана айыл чарба ишканалары үчүн заманбап техникалар жеткиликтүү болгон төмөн пайыздык чен менен лизингдин жагымдуу шарттары болуп саналат. Мына ушундай шарттардын аркасында компания айыл чарба тармагындагы позициясын бекемдеп, анын туруктуу өнүгүшүнө салым кошууда

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://glk.quantex.kg/wp-content/uploads/2025/08/Logos-07-1.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://glk.quantex.kg/wp-content/uploads/2025/08/Logos-07-1.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому (ОАО «ГЛК»)

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому (ОАО «ГЛК»)