Буга чейин айыл өкмөттүн карамагында чектелген сандагы атайын техникалар болгон.Бирок финансылык лизинг программасынын аркасынан техникалык база кыйла жаңыртылды!
2025-жылдын 15-январында «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы айыл өкмөткө автогрейдер жана эки самосвал өткөрүп берген. Жаңы техника аймакты көрктөндүрүү жана тейлөө иштеринде активдүү колдонулуп, иштин натыйжалуулугун кыйла жогорулатууда.
«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК мамлекеттик жана жеке кардарлар үчүн ишенимдүү жана пайдалуу лизингдик чечимдерди сунуштаган атайын техникалар паркын жаңылоо боюнча программаларды ишке ашырууну улантууда.