Айыл аймагын өнүктүрүү жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө заманбап техника тапшырылды. Техникалардын тизмеси төмөнкүдөй:
🔹 Автосамосвал
🔹 Ассенизатор
🔹 Фронталдык жүктөгүч
🔹 Грунттуу каток
🔹 Автобус
🔹 Экскаватор Hyundai
🔹 Жүк ташуучу унаа
🔹 Беларусь трактору
🔹 БДП – 2 даана
🔹 Плуг – 4 даана
Бул техника айыл чарбасын, жолдорду оңдоо жана күнүмдүк иштерди жеңилдетүүгө чоң жардам берет.