“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКун жетекчилигинин Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кытай заводдору менен кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлду
Келишимдин негизги шарттары финансылык ижарага (лизингге) берүү максатында айыл чарба, жүк ташуучу, атайын техникалар жана аларга жабдуулар менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКун камсыздоо.
Мындан улам, төмөнкү конгломераттар менен келишимдерге кол коюлду:
🇨🇳 China National Heavy Machinery Corporation – айыл чарба техникаларын, коммерциялык автомобилдерди, станокторду жана ар кандай өнөр жай жабдууларын (анын ичинде энергетикалык, металлургиялык жана геологиялык) чыгарууга адистешкен кытай мамлекеттик конгломераты;
🇨🇳 Sany Heavy Industry Company Limited – оор техниканын, жол куруу, жүктөө жана башка атайын техникалардын ири кытай өндүрүүчүсү болуп саналат. Sany Heavy Industry Company Limited Кытайдагы оор курулуш машиналарын өндүрүү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат (цемент аралаштыргычтарды, экскаваторлорду жана крандарды өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат). Кытайдагы жана дүйнөдөгү эң ири компаниялардын катарына кирет.
Белгилей кетсек, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКу тарабынан лизингге жалаң гана жаңы техника/жабдуулар жагымдуу баалар жана өндүрүүчү заводдор тарабынан менен кепилдик менен берилет.
Мындан сырткары, азыркы учурда Кыргыз Республикасында жогоруда аталган компаниялардын сервистик борборлорун ачуу боюнча