2024-жыл — Компаниянын негизделиши: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 137-р токтомуна ылайык Мамлекеттик лизингдик компания түзүлгөн. Институционалдык калыптануу башталып, агрардык лизингдин пилоттук программалары ишке киргизилген.
2025-жыл — Калыптануу жана өнүгүү: Лизингдик портфель түзүлүп, региондорго чыгуу башталды. Агро, транспорт жана өнөр жай багыттары өнүгүүдө. Санариптештирүү, жашыл жана исламдык лизинг башталды.